• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркестанда Борбор Азия мамлекеттеринин парламент жетекчилеринин алгачкы форуму башталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 10-февралда Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин парламент жетекчилеринин I форуму башталды. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган делегация катышууда.

КР ЖКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, алгач иш-чарага катышып жаткан өлкөлөрдүн парламент жетекчилери президенттеринин атынан кайрылуу жасашты.

Нурланбек Шакиев президент Садыр Жапаровдун кайрылуусунда окуп берди, анда Борбор Азия - өзүн-өзү камсыздаган, адам жана жаратылыш ресурстарына бай, бардык тармактар боюнча чоң потенциалга ээ кеңири аймак экени белгиленип: "Аймактык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуулугу 2022-жылдын июль айында Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунда дагы бир жолу тастыкталды. Мына ошол жолугушууда чөлкөмдөгү кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү боюнча стратегиялык документтер кабыл алынып, XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана тыгыз алака жөнүндөгү келишимге кол коюлган", - деп жазылган.

Муну менен катар коюлган максаттарды ишке ашырууда парламенттердин ролу жогору экени айтылып, президент Садыр Жапаров иш-чаранын өткөрүлүшүн кубаттай тургандыгын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, төрага менен бирге аталган форумга Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров, Марлен Маматалиев, Ырысбек Атажанов, Чыңгыз Ажибаев, Мейкинбек Абдалиев жана Фарходбек Алимжанов катышууда.

Пикир

Оставить комментарий