• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркия бишкектиктерге 180 миң медициналык беткап берди

Коом 0

Бишкек, 01.12.20 /Кабар/. Түркиянын Самсун шаарынын мэриясы бишкектиктерге 180 миң медициналык беткап берди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардамды ташууну Түрк Кызылайы жана Улуттук Кызыл ай коому өз мойнуна алышты.

“Борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Бардык күчтөрдү бириктирип, биз ковид-19 жана пневмония менен күрөшүүнү улантып жатабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2013-жылдын 1-ноябрында Түркияда Бишкек шаары менен Самсундун ортосунда туугандык байланыштарды түзүү жөнүндө протоколго кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий