• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Түркия БШКсы Эрдогандын жеңгенин жарыялады

Дүйнө 0

Бишкек, 15.06.18. /Кабар/. Режеп Эрдоган мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетишти. Бул тууралуу Anadоlu мамлекеттик агенттиги Жогорку шайлоо комиссиясынын башчысы Сади Гүвенге шилтеме берүү менен билдирди.

Бюллетендердин 98% саналып бүткөндөн кийин добуштардын абсолюттук көпчүлүгүнө Эрдоган ээ болгону аныкталды. Гүвен саналып бүтө элек калган бюллетендер жыйынтыктарга дээрлик таасирин тийгизбей турганын айтты.

Эрдоган өзү болсо жекшеби күнү элге кайрылуу жасап, жеңишин жарыялаган.

Шайлоодо 30% добуш алган оппозициядагы Республикалык-элдик партиянын талапкери Мухаррем Инже расмий жыйынтыктар чыккандан кийин билдирүү жасай турганын айткан. Оппозициячыл партиялар жыйынтыктарды манипуляция деп атап, добуштар саналып бүткөнгө чейин Эрдогандын жеңишин тааныйбай турганын белгилешти.

Парламенттик шайлоодо да Эрдоганды колдогон күчтөр озуп келатат. Анын “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы менен "Улуттук кыймыл" партиясы түзгөн “Элдик альянс” 54, 64% менен башкалардан алдыда. Бул 600 орундуу парламентте сөз болуп жаткан альянс 342 орун алат дегенди билдирет. Экинчи орунда 23 % менен оппозициячыл партиялардын “Улуттук альянсы” келе жатат, үчүнчү орунду 11% добуш менен күрттөрдүн таламын талашкан Элдик-демократиялык партия ээледи.

Режеп Эрдоган 2003-2014-жылдары Түркиянын премьер-министри болгон, андан кийин президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. 2017-жылы апрелде анын демилгеси менен Түркияда референдум өтүп, өлкө парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга багыт алган. Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип, премьер-министрлик кызмат жоюлган.

Пикир

Оставить комментарий