• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Түркия коронавируска байланыштуу виза режимин бузган кыргызстандыктарга айыппул салбайт

Коом 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Түркия коронавируска байланыштуу виза режимин бузган кыргызстандыктарга айыппул салбайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу билдиргендей, түрк тарап коронавирустан улам убагында Түркиядан чыгып кете албаган же жашоого уруксат берүүчү документ ала албаган/мөөнөтүн узарта албаган чет элдиктерге, анын ичинде кыргызстандыктарга айыппул салбайт", - деп билдирет министрлик.

Бул чаралар Түркиядагы коронавируска байланышкан кырдаал турукташканча жана туруктуу аба каттамы жанданганча күчүндө болот.

Пикир

Оставить комментарий