• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркия коронавирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча Кытайдан ашып өттү

Дүйнө 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Түркия коронавирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча Кытайдан ашып өттү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде айтылат.

Ага ылайык, Түркияда илдетти 90 миң 980 адам жуктурса, ошол эле учурда Кытайда 83 миң 849 жаран вируска кабылган. Түркияда COVID-19 вирусунан 13 миң 430 адам айыгып, каза болгондордун саны 2 миң 140ты түзөт. Ал эми Кытайда коронавирусту жуктурган 4 миң 636 адам каза болсо, 77 миң 775 жаран айыккан.

Дүйнөдө коронавирусту 2 млн 478 миң 153 жаран жуктурган. Илдетти 651 миң 503 жаран жеңген. Бирок 170 миң 368 адам жашоо менен кош айтышкан.

Өпкөнү сезгенткен дартты дүйнөдө эң көп АКШда 787 миң 752, Испанияда 200 миң 210, Италияда 181 миң 228, Францияда 156 миң 493, Германияда 147 миң 65 жана Улуу Британияда 125 миң 856 адам жуктурган. АКШда 42 миң 359 адам илдетти жуктуруп каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий