• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркия Кыргызстанда жаңы мектептерди курууну көздөөдө

Коом 0

Анкара, 26.09.18. /Кабар/. Түркиянын өкмөтү Кыргызстанда “Маариф” өкмөттүк фонду тарабынан каржылана турган бир катар жаңы мектептерди курууну көздөөдө. Бул тууралуу Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн жана Кавказдын башкы дирекциясынын башчысынын орун басары Гөкхан Туран Түркиянын Тышкы иштер министрлигинде өткөн брифингде билдирди.

Журналисттердин алдында сүйлөп жатып Туран эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кең байланыштарын белгилеп, Түркия Кыргызстанда бир катар жаңы мектептерди курууну көздөп жатканын билдирди.

“Жакында биз Кыргызстанга жаңы кафедра ачууну пландап жатабыз жана билим берүүдө чоң тажрыйбасы бар, бир катар билим берүү долбоорлорун ишке ашырып келген “Маариф” фонду аркылуу бир нече мектептерди курууну көздөп жатабыз”, - деди Туран.

Ал “Маариф” фонду билим берүү тармагында чоң тажрыйбага ээ болгондуктан мектептер жогорку сапаттуу билим берерин белгиледи.

“Даярдоочу протоколго биздин тараптар кол койгон. Жакында долбоор ишке ашат деген үмүттөмүн”, - деп кошумчалады Туран.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов билдиргендей, Кыргызстан фондго курулуп бүтө элек мектептерди көрсөтөт. Ал мектептердин курулушунун 30 пайыздан аз бөлүгү аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий