• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркия Кыргызстанга аскердик жардамдын көлөмүн көбөйтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Түркия Кыргызстанга аскердик жардамдын көлөмүн көбөйтөт. Бул туурасында Кыргызстандын Түркиядагы элчисинин кызматын аткарып келген Ибрагим Жунусов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, Түркия буга чейин 1 млн. долларлык аскердик жардам көрсөтүп келсе, 2019-жылдан тартып ал сумма 2 миллионго көбөйөт.

Ушул тапта Башкы штабдын жетекчилиги Түркияда жүрөт.

13-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кыргызстандын Өзбекстандагы элчисинин кызматына Ибрагим Жунусовдун талапкерлигин жактырган. Аны бул кызматка Тышкы иштер министрлиги сунуш кылды.

Пикир

Оставить комментарий