• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 5 миң ПЧР-тест берди

Ден соолук 0

Бишкек, 06.02.21 /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 4-февралдан 6-февралга чейин Түркияда иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын саламаттык сактоо министринин орун басары Халил Элдемир жана Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасынын орун басары Желал Адан менен жолугушту.

“Бейшеналиев Түркия тарапка коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө буга чейин көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле пандемия шартында Кыргызстанда түзүлгөн оор кырдаалды эске алып, гуманитардык жардам көрсөтүү өтүнүчүн билдирди”, - деп айтылат маалыматта.

Саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын бир катар маселелерин талкуулап, министр Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасын толук кандуу иштешин камсыз кылуу үчүн тез арада макулдашууну ратификациялоо зарылдыгын белгиледи. Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасынын орун басары Желал Адан ал макулдашууну тезирээк ратификациялоону колдой тургандыгын билдирди.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 5 миң ПЧР-тест берди.

Пикир

Оставить комментарий