• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Түркия Кыргызстанга кайтарымсыз негизде коронавируска каршы 150 миң доза вакцина берет

Коом 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 7-сентябрда КР саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту. Бул туурадуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар саламаттык сактоо жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты, Кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасын башкаруу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Түркия Кыргызтанга кайтарымсыз негизде коронавируска каршы 150 миң доза вакцина берерин айтты.

"Министр Бейшеналиев Түркия COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө, андан тышкары биздин жарандарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн материалдык-техникалык базаны бекемдөөдө Кыргызстанга ири колдоо көрсөтүп келет. Жакында эле заманбап жабдыктары менен Кыргыз-түрк достук ооруканасы иштеп баштады. Биз мунун аркасында көптөгөн жарандарыбыз чет өлкөгө чыкпай, өлкөдө дарылана алышат деп үмүттөнөбүз. Түрк өкмөтүнүн вакцина берүү чечими биз үчүн жакшы жаңылык. Түрк элине жана жетекчилигине ыраазычылык билдирем", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий