• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркия Кытайды «саясий кайра тарбиялоо» лагерлерин жабууга чакырды

Дүйнө 0

Бишкек, 12.02.19 /Кабар/. Түркия Кытайды «саясий кайра тарбиялоо» лагерлерин жабууга чакырды. Бул тууралу Туркиянын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) өкүлү Хами Аксой билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.

Аксойдун маалыматына ылайык, миллиондон ашык адам «кайра тарбиялоо» лагерлеринде мажбурлап камалып, идеологиялык басым көрсөтүү саясатына кабылышты. XXI кылымда концентрациялык лагерлердин пайда болушу — бүтүндөй адамзат үчүн уят. Кытай бийлигин адамдын негизги укуктарын сыйлоого жана лагерлерди жабууга чакырабыз.

Өз билдирүүсүндө ал акыркы жылдары Кытайдагы уйгурларга жана башка мусулмандарга карата басым күчөгөнүн белгилеген.

«Эл аралык коомчулук менен БУУнун башкы катчысы гуманитардык трагедиянын алдын алуу үчүн натыйжалуу кадамдарды жасашы керек», — деп эсептейт түрк дипломаты.

Өткөн жылы августта БУУ Синьцзян-Уйгур автоном районунда «саясий кайра тарбиялоо» лагерлеринде миллионго жакын мусулман кармалып турушу мүмкүн экенин билдирген.

Өз кезегинде Кытай ал жайларда укугу чектелген адамдар кармаларын четке каккан. Пекин аларды «билим берүү борборлору» деп атап, «азчылыкты түзгөн улуттардын өкүлдөрүн интеграциялап, «экстремизм менен терроризмге каршы» күрөшүп жатканын белгилеп келет.

Пикир

Оставить комментарий