• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркия менен болгон мамилелердин Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниси бар - Жээнбеков

Саясат 0

Бишкек, 01.09.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты.

Жээнбеков кесиптешине жана түрк делегациясына бир тууган эл менен кыргыз жергесинде жолугушуп жатканына кубанычын билдирди. Ал Түркия менен КРнын мамилелери аталган өлкө КРнын эгемендүүлүгүн биринчи тааныганы үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Учурдан пайдаланып Жээнбеков Эрдоганды президент болуп кайра шайланганы үчүн куттуктап, Түркияда жүргүзүп жаткан реформаларын жогору баалады.

"Сиздин Кыргызстанга болгон иш сапарыңыз биздин эки тараптуу мамилелерибизге импульс берет. Биздин жолугушуунун алкагында кызматташтыгыбыздын бардык аспектилерин талкуулайбыз", - деп белгиледи Жээнбеков.

Президент билдиргендей, жогорку стратегиялык кызматташтык боюнча кеңештин отурумунун алкагында өлкөлөрдүн соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык, социалдык жана башка багыттагы өнөктөштүгүндө жаңы динамика берүү үчүн маселелер чечилет.

Пикир

Оставить комментарий