• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркия менен Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарын көбөйтөт – Эрдоган

Саясат 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Түркия жана Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарды көбөйтөт. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкарада кыргыз кесиптеши Садыр Жапаров менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бирдиктүү маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

“Мен кызматташтыктын артында бардык чөйрөдө мамилелерибизди бир топ алдыга жылдырабыз деп ишенем. Ошондой эле жакын арада Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы аба каттамдарды көбөйтөбүз”,-деди түрк лидери.

Түрк мамлекетинин башчысы кесиптешин Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгы менен куттуктады. Президент Эрдоган Түркия – Кыргызстандын эгемендигин алгачкылардан болуп тааныган өлкө экенин эске салды.

Пикир

Оставить комментарий