• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 26 пайызга өстү

Саясат 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү оң динамикага ээ болуп, 26 пайызга өстү. Келечекте бул көрсөткүчтү 2 млрд АКШ долларына жеткирүү максаты коюлган. Бул тууралуу Кыргызстан менен Түркиянын президенттери Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдогандын 15-мартта Анкара шаарында өткөн жолугушуусунда айтылды.

Өлкө лидерлери жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-түрк эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.

"Түркиянын президенти Түрк инвестициялык фондун түзүүнү жана анын Бишкекте аймактык өкүлчүлүгүн ачууну колдой турганын баса белгиледи", - деп айтылат президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын жакынкы аралыкта өткөрүүнү сунуштады. Кыргызстан өз ара сооданы көбөйтүү үчүн түрк тарап менен жигердүү иштөөгө жана өз ара аракеттенүүгө ниеттенүүдө.

Тараптар эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүгүнө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий