• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркия менен өз ара ишенимге негизделген өзгөчө мамиле түзүлдү — президент

Президент 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Азыр Түркия менен өз ара ишенимге негизделген өзгөчө мамиле түзүлдү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-түрк бизнес-форумунда билдирди.

Мамлекет башчысы маалымдагандай, натыйжада, кыргыз-түрк соода-экономикалык мамилелери жакшы темпте өнүгүп жатат.

"Былтыр Түркиядан жалпысынан алганда 93 млн доллардан ашык инвестиция келген. Түркиядан Кыргызстанга эгемендик жылдардан бери бүгүнкү күнгө чейин тартылган түз инвестициялардын көлөмү 600 млн доллардан ашат", — деп белгиледи президент.

Ошол эле мезгилде эки өлкөнүн ортосудагы экономикалык дарамет толук колдонулбай жатканын айтылды.

"Эрдоган мырза менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн жакынкы жылдары азыркы 400 млн доллардан бир миллиард долларга жеткирүү боюнча сүйлөшкөнбүз. Бул багыттагы иш-аракеттерибизди күчөтүү абзел", — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы боордош түрк өнөктөштөргө өлкөнүн эшиги дайыма ачык экенин белгилеп, учурда кыргыз жергесинде жүздөгөн кыргыз-түрк ишканалары иштеп жатканын эске салды.

Пикир

Оставить комментарий