• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркия парламентинин төрагасы Йылдырым Кыргызстанга расмий иш сапар менен келди

Саясат 0

Бишкек, 06.12.18 /Нуржигит Бейшебаев - Кабар/. Түркиянын парламентинин төрагасы Бинали Йылдырым Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Аны "Манас" аба майданында Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров тосуп алды.

Учурда Йылдырым Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен эки тараптуу жолугушуу өткөүүдө.

Жолугушууда эки мамлекеттин маданий, экономикалык алакалары жана башка маселелерди талкуулашууда.

Андан тышкары, Йылдырымдын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Эртең, 7-декабрь күнү расмий делегация "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде болуп, 1916-жылы "Үркүндө" каза болгондордун жаркын элесине жана 1930-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына арналып салынган мемориалга, ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүлчамбар коюшат.

Андан соң, Айтматовдун 90-жылдыгына карата Кыргыз-түрк "Манас" университетинде өткөрүлүүчү иш-чараларга катышат.

Пикир

Оставить комментарий