• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркия премьер-министри АКШнын виза берүүнү жандандыруусун кубаттады

Дүйнө 0

Бишкек, 08.11.17 /Кабар/. Түркиянын премьер-министри Биналы Йылдырым АКШнын виза берүүнү акырындык менен жандандырышын позитивдүү кадам деп баалап, бирок Вашингтон аскердик төңкөрүшкө айыпталган Фетхуллах Гүленди кайтарышы керектигин белгиледи.

Бул тууралуу Йылдырым АКШнын вице-президенти Майкл Пенс менен жолугушуу үчүн Вашингтонго бара жатып билдирди.

Кошмо Штаттар дүйшөмбүдө жергиликтүү кызматкерлеринин коопсуздугу камсыздалса, Түркияга виза берүүнү жандандырарын маалымдаган. Өткөн айда Вашингтон эки кызматкеринин кармалганына байланыштуу виза берүүнү токтоткон.

Майда АКШ консулдугунун котормочусу Адана провинциясында, андан кийин АКШнын Маңзат менен күрөшүү администрациясынын кызматкери Стамбулда кармалган. Экөө тең мамлекеттик төңкөрүш аракетине тиешеси бар деп айыпталышууда. АКШ элчилиги кинелерди четке каккан.

Бул арада Анкара АКШда бозгунда жашаган диниятчы Фетхулла Гүленди былтыркы аскерий төңкөрүш аракети артында турат деп санагандыктан аны өткөрүп берүүнү талап кылып келет. Вашингтон мурдараак Анкара Гүлендин аскерий төңкөрүш аракетине катышы бардыгы боюнча жетиштүү далил бере албагандыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий