• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Түркия Өзбекстанга 200 миң доза Sinovac вакцинасын берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Түркиянын өкмөтү Өзбекстанга коронавируска каршы кытай өндүрүшүндөгү Sinovac вакцинасынын 200 миң дозасын жөнөттү.

Маалыматка караганда, вакциналар жана фавипиравир препаратынын 20 миң кутусу Өзбекстанга 13-октябрда Стамбул-Ташкент аба каттамы менен жеткирилди.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги бул жүк Ташкент менен Анкаранын ортосунда кол коюлган медициналык жардамга грант берүү тууралуу макулдашууга ылайык келди.

Sinovac Өзбекстанда коронавируска каршы колдонула турган алтынчы вакцина болуп калды. Буга чейин өлкөгө AstraZeneca (Улуу Британия), ZF-UZ-VAC2001 (Кытай), Спутник V (Орусия), Moderna (АКШ) жана Pfizer / BioNTech (АКШ / Германия) вакциналары жеткирилген. Мындан тышкары Өзбекстандагы Jurabek Laboratories аттуу биргелешкен ишкана жакында эле ZF-UZ-VAC2001 жана Спутник V вакциналарын өндүрө баштаганы кабарланган.

Өзбек бийлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө вакцинанын жалпы запасы 28 673 528 дозага жетти.

Пикир

Оставить комментарий