• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркия Жалал-Абадда мектеп курат

Аймак 0

Бишкек, 18.02.19. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясында Түркиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси менен шаар башчылары жаңы инвестициялар тууралуу кеңири пикир алышты. Ал эми Түркиянын элчиси саламаттыкты сактоо жана билим берүү жагынан конкреттүү сунуштарын ортого салды, - деп билдиришти шаар мэриясынан.

Күн мурун Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Айбек Жолдошев, биринчи вице-мэр Майрамбек Адылбеков жана социалдык иштер боюнча вице-мэр Руслан Алтымышев баш болгон шаар жетекчилери Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фырат баштаган делегацияны кабыл алышкан.

Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташуу жана элдердин ортосундагы коомдук байланыштарды күчөтүү багытында сүйлөшүүлөр жүрдү. Элчи Түркияда жасалчу оор операцияларга Жалал-Абад шаары үчүн акысыз 4 квота берүү, ошондой эле мугалимдеринин айлык маянасы жогору болгон заманбап мектеп куруу сунушун айтты. Аны менен бирге текстиль жана айыл чарба тармагында адистерди окутуп даярдоо, логистикалык борбор ачуу долбоорлорун ишке ашырса болоорун кошумчалады.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков Түркиянын шаарлары менен боордоштук-мамиле кызматташтыгын курууга шаар бийлиги кызыкдар экендигин, учурда Түркия элчилигине сунуштоочу 10 долбоор бар экендигин айтты.

Түркия элчилиги сунушталган долбоорлор менен кагаз жүзүндө таанышып чыгып, жыйынтык чыгарарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий