• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркия жаранын уурдоо фактысы боюнча анын бизнес өнөктөштөрү жана милиция кызматкерлери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.12.21. /Кабар/. Түркия Республикасынын жаранын уурдоо фактысы боюнча анын бизнес өнөктөштөрү жана милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР УКМК тарабынан КР ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Түркиянын жараны "С.Д." аттуу чет элдик ишкерди уурдоо боюнча жүргүзүлгөн кылмыш ишин тергөө учурунда 3 млн АКШ доллар акча каражатын талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды, бул иштин арасында КР ИИМ кызматкерлери, КР жарандары жана чет элдик жарадар да бар.

"Көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында уурдоонун уюштуруучусу “А.Б.” аттуу жаран - аткаруучуларды таап, даярдык иштерин жүргүзгөн түркиялык ишкердин досу жана бизнес өнөктөшү экени аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Аталган "С.Д." Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында учуп келген. “Манас” аэропортунан аны документтерин текшеребиз деген шылтоо менен кармап, аэропорттун милиция бөлүмүнө алып келишкен. Андан соң тапанча менен коркутуп, бардык (акча, саат, телефон, ноутбук жана башка) баалуу буюмдарын алып, башына баштык кийгизип жеке менчик үйгө алып барып 5 күн кармашкан.

Андан соң уурдагандар (уюштуруучу) "А.Б."нын катышуусунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, анын жүрүшүндө сатып алууну 400 миң долларга чейин түшүрүшүп, “С.Д.”ны кое беришип, (жасалма түрдө) “А.Б.”ны барымта катары алып калышкан.

Азыркы учурда кылмышка шектүү катары “Х.А.Д.”, “А.Б.”, “Ж.Б.” жана Чүй облусунун ИИББнин “Манас” аэропортунун аба транспорт башкармалыгынын башчысы “П.Т.” кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий