• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркияда 124 саат манас айтылды. Рысбай Исаков Гиннесс рекорддор китебине кирди

Маданият 0

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Түркиянын Бурса шаарында өтүп жаткан “Манас" жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаков манас айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк Гиннесстер китебине 124 саат убакытка манас айтуу боюнча катталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Дүйнөлүк Гиннесстер китебине катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Бүткүл дүйнөлүк Гиннессттер китебинин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, ага Гиннесстин күбөлүгү тапшырылды. Анда аталган багытта катталууда Гиннес тарабынан бекитилген талаптарды сакталгандыгы айтылды.

Эске салсак, аталган “Манас" жумалыгы Кыргыз Улуттук “Манас” театры жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жана “Бурса шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” долбоорлорунун алкагында өткөрүлгөн алгачкы иш-чара болуп калды.

Иш-чаранын алкагында ТҮРКСОЙ уюмунун бир катар сыйлыктары жана белектери менен түрк дүйнөсүнүн маданиятын өркүндөтүүгө кошкон бар катар инсандары сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий