• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Түркияда 28-майда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт

Дүйнө 0

Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. Түркияда 14-майда өткөн президенттик шайлоодо талапкерлердин бири да биринчи айлампада жеңишке жетүүгө мүмкүндүк берген 50% чектен аша алган жок.

Өлкөнүн мамлекеттик TRT телеканалы бюллетендердин 100% саналып бүткөндөн кийинки жыйынтыктарга таянып, азыркы мамлекет башчысы Режеп Эрдоган шайлоочулардын 49,35%, анын негизги атаандашы Кемал Кылычдароглу 45% добушун алганын кабарлады.

Эми жеңүүчү 28-майда өтө турган шайлоонун экинчи айлампасында аныкталат.

Эки талапкер тең добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыктары боюнча өз пикирлерин билдиришти.

Эрдоган Анкарада өз тарапташтарынын алдында сүйлөп, дале болсо биринчи айлампада жеңишке жетүүгө мүмкүн экенине ишенип турганын, бирок экинчи айлампага деле каршы эмес экенин айтты.

Оппозициялык талапкер Кемал Кылычдароглу добуш берүүнүн экинчи айлампасында жеңишке жетерине ишенерин билдирди. "Эгер шайлоонун экинчи айлампасы жарыяланса, анда биз сөзсүз утуп чыгабыз. Элдин өзгөрүүлөргө болгон эрки 50% жогору", – деди ал.

Шайлоодо добуштардын 5% ашыгын алган "Альянс АТА" саясий блогунун талапкери Синан Ога экинчи айлампада атаандаштарынын кимисин колдой турганын чече электигин айтты.

14-майда шайлоо тилкелери жабылгандан кийин Түркиянын мамлекеттик мадиалары бир нече саат бою Эрдоган 50% ашып, алдыда келатканын кабарлашкан. Ошол эле маалда Кылычдароглу азырынча алдын-ала жыйынтыктар менен макул эмес экенин, алты партиядан турган оппозициялык альянстын эсебинде Эрдоган артта калып жатканын билдирип турган.

Пикир

Оставить комментарий