• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркияда 52 күн комада жаткан 22 жаштагы кыргыз кызы каза болду

Коом 0

Бишкек, 6.11.17 /Кабар/. Түркиянын Деңизли шаарында 52 күндөн бери комада жаткан Кыргызстандын жараны 22 жаштагы Ширин Бейшембекова каза болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 22 жаштагы кыз 4-ноябрда каза болгон. Учурда сөөктү Кыргызстанга алып келүү үчүн керектүү документтер чогултулууда.

Теле алып баруучу, коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын айтуусуна караганда, Түркияда бала багуучу болуп иштеп жүргөн Бейшембекова суук тийгизип алат, инфекция бүт денесине тарап, бөйрөгү иштебей калган. 52 күн комада жатып, каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий