• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Түркияда 74 аскер кызматкери өмүр бою эркинен ажыратылды

Дүйнө 0

Бишкек. 31.05.19 /Кабар/. Түркияда 2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетине катышкандыгы үчүн 74 аскер кызматкери өмүр бою эркинен ажыратылды. Алардын 56сы жаза мөөнөтүн катаал режимдеги абактарда өткөрүшөт. Бул тууралуу Anadolu агенттиги кабарлады.

Жалпысынан Анкарада мамлекеттик төңкөрүш аракетине байланышкан иштер боюнча шектүү катары 152 адам өтүүдө. 31 иш боюнча актоо өкүмү чыккан.

Соттун маалыматына караганда, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылгандар Түркиянын Башкы штабынын мурдагы башчысы Хулуси Акарды барымтага алып, Акынжи авиабазасынан түрк премьер-министринин резиденциясына жеткиришкен. Аны учагы менен алып барган учкуч Угур Капан 29 өмүр бою эркинен ажыратылды (жалпысынан 4000 жыл).

​Түркияда аскердик төңкөрүш аракети 2016-жылы 16-июлга караган түнү болгон. Аны бийлик күч менен токтотуп калган. Жалпысынан анда 250 ашык киши каза болуп, 2200 жаракат алган. Андан кийин өлкөдө аскердик абал киргизилген. Төңкөрүш аракетине байланышкан алгачкы сот отурумдары 2017-жылы декабрдын аягында башталып, 2018-жылы январда алгачкы өкүмдөр чыгарылган.

Turkey Purge укук коргоо сайтынын маалыматына караганда, мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин 500 миңден ашык кишиге кылмыш иши козголуп, алардын 96 миңден ашыгы камакка алынган.

Анкара төңкөрүш жасоо аракетинин артында 1999-жылдан бери АКШда жашап жүргөн ислам диниятчысы Фетхуллах Гүлен турат деп эсептейт. Түрк бийлиги аны АКШдан өткөрүп алууга аракет кылып келет, бирок азырынча анысынан майнап чыга элек.

Пикир

Оставить комментарий