• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркияда Ак калпак күнү белгиленди. Сүрөт

Маданият 0

Бишкек, 07.03.19. /Кабар/. 5-март Ак калпак жана Ак элечек күнүнө карата Түркиянын Анталия шаарында майрамдык жүрүш болуп өттү. Ага 50 киши катышкан.

Майрамдык жүрүш "Кыргыз эли" коомунун демилгеси менен уюштурулган.

"Саат 11:00дө башталган жүрүш сейил бактан уланып, кыргыз каада-салттарынан үзүндү көрсөтүлдү. Энелер жигиттерге ак калпактарын кийгизип, кыз-келиндер гүлдөрүн арнады. Андан кийин 50 кишиден турган топ Анталия шаарынын көчөлөрүнөн аралап, шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулады. Улуттук кийимдерибизге суктанган боордош түрк эли жылуу кабыл алышты", - деп билдирет жүрүштүн катышуучуларынын бири.

Майрамдык жүрүштө кийилген кийимдерди "Кыргыз эли" коомунун Маданият бөлүмүнүн стилисти, дизайнер Жумагүл Муктаралиева тигип даярдап берген.

Жети саатка созулган майрамдык жүрүш 18:00дө аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий