• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркияда бала баккан кыргызстандык кыз асынып алган

Кырсык 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Түркиянын Адана шаарында 25-январда бала багуучу болуп иштеген кыргызстандык кыз асынып алган. Бул тууралуу haberler порталы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, маркумдун денесин жуунучу бөлмөдө асынып турган абалда табышкан.

“Белгилүү болгондой кыз Түркияга иштегени келип, бир үй-бүлөдө бала багып жүргөн. Ошол күнү батирдин эшик ичинен жабык болгондуктан, куткаруучулардын жардамы менен эшикти сындырып ачууга туура келген. Маркумдун денеси соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн моргго жеткирилген”, - деп берилет маалыматта.

Учурда полиция окуянын чоо-жайын териштирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий