• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркияда балкондон секирип каза болгон кыргыз кызы: Окуянын чоо-жайы маалым болду

Коом 0


Бишкек, 05.12.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Түркиянын Бурса шаарында 27 жаштагы кыргыз кызы жигити менен таарынышып, өз өмүрүнө кол салган.

Жергиликтүү Мilliyet.com.tr онлайн-басылмасынын маалыматына ылайык, Гүлнархан Райымбекова күн мурун кечинде М.И., аттуу жигити менен бирге барга барышып, кызганычтын айынан ортодо чыр чыккан. Экөө жол бою урушуп барышып, батирге жетейин дегенде бала кызга кол көтөргөн. Ызы-чуудан улам коңшулар полиция чакырышкан.

Маалыматка ылайык, полиция көрсөтүлгөн дарекке тез убакыттын ичинде жетип келген. Райымбекова бөлмөгө кирип алып, эч ким менен сүйлөшпөй койгон. Полиция кызматкерлери батирдин эшигин ачып кирген убакта ал жакта эч ким болгон эмес. Кыз 3-кабаттагы батирдин балконунан секирип каза болгон.

ЖМКда маалымдалгандай, кыздын сөөгү жакынкы ооруканалардын бириндеги моргго жеткирилген. Кырсыктын кандай болгондугу видео көзөмөлгө түшүп калган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий