• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркияда белгисиз бирөөлөр кыргыз кызын уурдап кетишти

Кырсык 0

Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. Анталия шаарында (Түркия) Кыргызстандын жаранын уурдап кетишти, - деп жазат haberler.com.

Полициянын маалыматы боюнча, окуя саат 15:30да Кызылсарай районунда болгон.

Курбулар, Кыргызстандын А.Ж., жана П.Х., аттуу жарандары сыртка сейилдегени чыгышкан. Бир кезде жолдо жүрүп бараткан унаалардын биринен эркек киши чыгып, П.Х., аттуу кызды күч менен унаага салып кеткен. Көчөдө өзү калган А.Ж., окуя тууралуу полицияга кабар берген.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий