• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Түркияда Бишкектеги шаардык оорукананын курулуш долбоору талкууланды

Ден соолук 0

Бишкек, 03.03.18 /Кабар/. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Анкара шаарында конференцияга катышуу алкагында Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк боюнча бирикмесинин жетекчиси Ихсан Шахин менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ССМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Ихсан Шахин кыска убакыттын ичинде жалпы көлөмү 52 миң орундуу шаардык оорукана курулуш долбоорун Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 18 долбоорун аткарган. Бул ийгиликтүү иштери менен Түркияны дүйнөлүк масштабда алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кошкон. Азыркы учурда бул тармакта дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгү принцибинде долбоор турмушка ашырууну улантууда.

Ихсан Шахин мырзанын айтуусу боюнча, саламаттык сактоо тармагында инфраструктураны учурдун талабына жооп берүүчү абалга жеткирбей туруп реформа жасоо коом тарабынан колдоо көрбөй калат.

“Бул тармакта министр Талантбек Батыралиев ээ болгон тажрыйба бизге белгилүү. Мага бул тармакта Кыргызстанда иш алып баруу абдан кызыктуу болот”, - деп белгиледи И.Шахин.

Өз кезегинде министр Т. Батыралиев Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялангандыгын жана бул Жарлыкты ишке ашыруу максатында КР Өкмөтү тарабынан конкреттүү план иштелип чыккандыгын билдирди. “Саламаттык сактоо тармагында бул пландын ишке ашырылуусу аймактардагы инфраструктуралардын жаңылануусу орундалбаса мүмкүн болбой калат. Ошондуктан биз Шаардык 1-оорукананын башкы дарыгери Нурлан Оморов менен бирге шаардык оорукананын курулушу боюнча долбоорду талкууладык жана Өкмөткө караштуу Инвестицияларды тартуу боюнча Агенттиги тарабынан колдоо таптык. Эми бул долбоордун курулушу боюнча бардык категориясын талкуулаганга даярбыз”,- деди Т.Батыралиев.

Пикир

Оставить комментарий