• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркияда боло турган IV Көчмөндөр оюндары көк бөрүнүн эрежеси менен өтөт

Спорт 0

Бишкек, 16.02.19 /Кабар/. 2020-жылы Түркияда өтө турган төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көк бөрүнүн эрежеси менен өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, IV Көчмөндөр оюндарына дагы кыргыздын улуттук спорт оюндары кирет деген үмүтүбүз бар.

"Эртең иш сапары менен Түркияга барам. Төртүнчү Көчмөндөр оюндарын өткөрүү максатында келишимдерди түзүүгө барамын. Ошонун ичинде эң негизги биздин талап: кыргыздардын улуттук спорт оюндары биздин эрежелер менен өтөт деген талап. Анын ичинде көк бөрү дагы бар", - деп билдирди Аманкулов.

Аманкулов Түркия Көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн Кыргызстан менен тыгыз кызматташып жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий