• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркияда Ч. Айтматов атындагы сейил багын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр болду

Коом 0

Бишкек, 11.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 9-октябрь күнү Анкаранын губернатору Васип Шахин менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Өмүралиев губернатор В. Шахинге Анкаранын борборунда "Чыңгыз Айтматов" атындагы сейил багын ачуу жана анын элесине арналган эстелик тургузуу маселесин колдоп коюу өтүнүчүн билдирди.

Андан тышкары, элчи Анкара шаарында эмгектенип жана жашап жаткан кыргыз жарандарына коопсуздук жагынан колдоо көрсөтүүсүн өтүндү.

Пикир

Оставить комментарий