• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркияда иштеген кыргызстандыктардын жумуш шарттары жакшы - Миграция кызматы

Коом 0

Бишкек, 05.03.19. /Кабар/. Быйыл туристтик сезонго карата Түркияга иштөө үчүн жеке агенттиктер аркылуу 8 миң кыргызстандык кеткен. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов билдирди.

Анын айтымында, марттын айынын башында кыргыз делегациясы Түркияга жумушчу сапар менен барып келген.

"Ал жакка чыгаардан мурда жеке агенттиктердин жетекчилери менен чогулуш өткөрдүк. Кыргызстандыктарды Түркияга жумушка орноштурууда кандай маселелер бар экенин уктук. Андан кийин Түркиянын КРдагы элчилигинин кызматкерлери менен жолугуштук. Алар жеке компаниялар айткан маселелерди чечип берүүгө макул болушту. Ал - референс-номерди, жумуш визасын алууну жеңилдетүү, мигранттардын документтерин кароону тездетүү үчүн консулдук кызматтын штатын көбөйтүү маселелери. Ошондой эле, элчилик визаны ачууда комиссия алуучу көчөдөгү банкоматты коопсуздандыруу, төлөмдөрдү "Демир Банк" аркылуу алуу маселесин карап чыгууга макулдук берди", - деди Токтоболотов.

Ал билдиргендей, сапардын алкагында Түркиянын Эмгек, социалдык кызмат жана үй-бүлө министрлигинин Эл аралык эмгек күчү башкы дирекциясынын башчысы Акйыл Саадетин, Түркиянын ИИМинин Миграция боюнча башкы дирекциясынын башчысы Абдуллах Аяз менен жолугушуу болгон.

"Мен кыргызстандыктар иштеген 15 мейманканада болдум. Биздин жарандардын жумуш шарттары жакшы болгону кубандырды. Иштегендер мейманканадан алыс эмес туруп, спорт менен алектенүүгө мүмкүндүгү жана бөлмөлөрүндө телевизор, кондиционер, муздаткычы бар экен. Ошондой эле, алар, бөлмөлөрүн өздөрү жыйнабайт. Алардын ордуна бөлмөнү башка кызматкерлер тазалашат экен. Мекендештерибиз, ал жерде, айлыгы өтө көп эмес, бирок шарты жакшы жана саякаттоого мүмкүндүк болгону артыкчылык экенин айтышты. Жумуш 8 сааттан ашыкча болбойт. Андан ашса кошумча акы төлөнөт", - деди ал.

Мындан тышкары, Токтоболотов, жарандарды лицензиясы бар жеке агенттиктер аркылуу ишке орношууга чакырды.

"Чет жерге жумушка кетип жаткандар 1899, 1977 номерлерине чалып, ишке мыйзамдуу алынып жатканы боюнча маалымат жана кеңеш ала алат", - деди ал.

Бул иш сапары Европа Биримдигинин жана БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук башкармалыгынын (БКБ) адамдарды сатууну жана мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү алдын алуу боюнча демилгесин ишке ашыруунун алкагында БУУнун БКБ тарабынан каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий