• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркияда иштеген мекендештерибиздин пенсияга чыгуу укуктары жакшыртылат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. “2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 10 – сентябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында кеңири түшүндүрүлдү. Ага ылайык, эки өлкө жарандары үчүн пенсиялык укуктарды жана милдеттенмелерди түзүүдө тиешелүү келишимдерди ишке ашыруу каралган. Ошого жараша аталган эки мамлекеттин кайсынысында болбосун дайындалган пенсиялар алардын башка республиканын аймагында жашагандыгына карабастан ошол эле өлчөмдө төлөнөөрү каралууда.

Эгер аталган ратификациялык мыйзам долбоору кабыл алынса, болжолдуу эсептөөлөр боюнча пенсияларды экспорттоо боюнча Кыргыз Республикасы 0,7 миңдин айланасындагы адамга жылына 10 млн. сомдун тегерегиндеги каражат төлөп берет.

Пикир

Оставить комментарий