• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түркияда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык иштери башталды

Маданият 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык старт алды. Бул тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары Султан Раев соцтармагында билдирүү калтырды.

Анын айтымында, көчмөндөр оюну ушул жылдын сентябрь айынын аягында өткөрүү болжолдонууда.

“Түркиянын спорт жана жаштар министри Мехмет Мухарам Касапоглунун төрагалыгында Изник шаарында өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун уюштуруу комитетинин ишине Түрк мамлекеттер уюмунун генералдык секретарынын орун басары катары катыштым. Түркияда көчмөндөр оюнуна карата даярдыктарга старт берилди. Бүгүнкү күнгө карата 74 мамлекеттен 2050 этноспортчунун катышуусу белгиленүүдө.

Көчмөндөр оюнунун алкагында маданий программага айрыкча орун берилген. Оюндун салтанаттуу ачылышына жана жабылышына Түркиянын эң мыкты режиссерлору, сценаристтери тартылган”, - деп жазат Раев.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин үч ирет Кыргызстанда өтүп келген.

Пикир

Оставить комментарий