• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркияда каза болгон КР жараны: Иш КРнын Стамбулдагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө болот

Кырсык 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. Түркиянын Аланья шаарында киши колдуу болгон кыргыз жараны боюнча иш КРнын Стамбулдагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө болот. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, 10- июль күнү Башкы консул Эркин Сопоков Анталья провинциясына болгон жумушчу сапарынын алкагында, маркум М. Иманалиевдин жубайы жана туугандары менен жолугушкан.

Сопоков баланын туугандарына көңүл айтып, бул кылмыш ишти Башкы консулдук көзөмөлүнө алгандыгын билдирген. Ошондой эле бул кылмыш ишине тиешелүү керектүү кеңештерди берген.

Андан тышкары, Башкы консул Аланья шаарынын прокурору Ясин Эмре менен жолугуп, кыргыз тарабынын бул окуяны калыс жана эртерээк карап чыгуу жөнүндө өтүнүчүн билдирген. Ошондой эле ал, М. Иманалиев эмгектенип жүргөн «Long Beach Hotels» мейманканасынын жетекчилиги менен жолугушкан. Белгилей кетсек, бул мейманканада 60 ашык КР жараны иштейт.

"Азыркы учурда Башкы консулдук тарабынан маркумдун денесин КРга жеткирүү маселеси толугу менен чечилди. Туугандары менен макулдашуунун негизинде, маркумдун денеси 12- июлда «Пегасус Азия» авиакомпаниянын рейси менен алып кетүү күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 7-июль күнү эртең менен Түркиянын Аланья шаарында 23 жаштагы кыргызстандык жаран бир киши менен сөз талашып, ортодогу чырдан улам ага ок атылган. Алган жаракатынан улам ал каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий