• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркияда Кеңеш Жусуповдун 80 жаш мааракеси белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 15-май /Кабар/. Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана Манас орденинин ээси Кеңеш Жусуповдун 80 жаш мааракесинин урматына Түрк маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙ калемгердин “Жүрөгүмдүн тоолору” (“Kalbimin Dağları”) аттуу аңгемелер жыйнагын чыгарып, аталган китептин жүзачар аземи чоң салтанат менен белгиленди. Бул тууралу бүгүн Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Кулуев кабарлады.

Мааракелик иш-чара ТҮРКСОЙ жана Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчилиги тарабынан уюштурулган. Аксакал жазуучуну мааркеси жана түрк тилиндеги жаңы китебинин чыгышы менен ТҮРКСОЙ баш катчысынын орун басары Фырат Пурташ, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Ибрагим Жунусов куттуктап сүйлөштү.

Кеңеш Жусуповдун “Kalbimin Dağları” китеби жана жазуучунун чыгармачылык өзгөчөлүктөрү жагдайында Евразия жазуучулар бирлигинин төрагасы Якуп Өмароглу, профессор Гүлзура Жумакунова, түрк жазуучусу Осман Чебиксой, кыргыз адабиятчысы жана котормочу Калмамат Куламшаев атайын баяндамаларды жасашты.

Кеңеш Жусуповдун “Жүрөгүмдүн тоолору” (“Kalbimin Dağları”) китеби менен катар анын мурда түрк тилинде жарыяланган “Манас” китеби да Евразия жазуучулар бирлиги тарабынан кайра басылып чыгарылган. Аталган эки китептин аркасы менен Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов Түркиянын Малатия шаарында уюштурулган Анадолу-6 Китеп Жарманкесинин ардактуу мейманы катары катышып келген эле.

ТҮРКСОЙ имаратындагы салтанат соңунда жазуучу Түркиядагы чыгармачылык сапарына өзгөчө канааттангандыгын билдирүү менен иш-чараларды уюштургандарга, түрк тилинде китептерин чыгаргандарга ыраазычылыгын жолдоду. Бир жумадан бери колтамга берүүдөн колу бошобой жатканын канааттануу менен сөз кылды.

Пикир

Оставить комментарий