• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркияда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталды

Дүйнө 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Түркияда коронавирустун жаңы түрүн (Covid-19) жуктурган алгачкы учур катталды. Бул тууралуу Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа билдиргенин «Казинформ» маалымат агенттиги жазат.

"Бүгүн кечинде биздин өлкөнүн жараны коронавируска текшерилип, анын жыйынтыгы анда оору бар экенин көрсөттү", - деген министр.

Анын айтымында, Түркиянын жараны жакында эле Европага барып келген. Учурда ал жаран карантинге алынган. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Андан тышкары, ал жарандын үй-бүлөсү жана аны менен көп аралашып жүргөн адамдар дарыгерлердин байкоосуна алынган.

Пикир

Оставить комментарий