• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Түркияда КР эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган көргөзмөнүн ачылышына Эмине Эрдоган катышты

Маданият 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 2021-жылдын 6-сентябрында президенттик комплекстин ичинде жайгашкан Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги тарабынан уюштурулган фотокөргөзмөнүн ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Түркия Республикасынын Биринчи айымы Эмине Эрдоган, элчи Кубанычбек Өмүралиев, Түркиянын президентинин аппаратынын башкы директору Махмут Казан, китепкананын башчысы Айхан Туглу, президенттик администрациянын өкүлдөрү, китепканага келген адамдар, кыргыз студенттер жана Түркиянын аймагында жашаган кыргыз жарандар, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Көргөзмөдө Кыргызстандын байыркы тарыхын, бай маданиятын, кооз жаратылышын жана салттуу жашоосун чагылдырган тарыхый кооз жерлерди, өлкөнүн пейзаждарын, улуттук спорт оюндарын чагылдырган 60 сүрөт, ошондой эле "Манас" эпосунан алынган композициялар көрсөтүлдү.

Сүрөт көргөзмөсү үч ай бою ар кандай жайларда көрсөтүлгөн бир катар көргөзмөлөрдүн уландысы болуп саналат. Көргөзмө 2021-жылдын 16-сентябрына чейин уланат, Анкаранын бардык тургундары жана коноктору үчүн кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий