• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркияда КР жаранынын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 20.03.18. /Кабар/. Денизли провинциясындагы (Түркия) Памукалле районунда 19-мартта Кыргызстандын 26 жаштагы жаранынын (аял) сөөгү табылган.

КР ТИМдин маалыматы боюнча, 23.04.1992-жылы туулган Ж. кызы Ы., сөөгү 19-мартта болжол менен саат 9.40 чамасында Денизли провинциясындагы Памуккале-Аккёй жолунда табылган.

Денизли прокуратурасынын маалыматы боюнча, Кыргызстандык жаран туюк жаракат алуудан пайда болгон боор жана өпкө оорусунан улам каза болгон.

Толук маалыматы алуу үчүн Денизли провинциясынын Памуккале районундагы жандармедия башкармалыгынын кызматкери менен телефон аркылуу сүйлөшүү болгон. Ал билдиргендей, КР жаранынын сөөгү Памуккале университетинин ооруканасында өлүк сактооочу жайында.

Аны менен бирге ал билдиргендей, КР жараны унаа коюп кеткенден кийин каза болгон.

КР ТИМ учурда маркумдун туугандарын издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий