• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түркияда Курманжан датка атындагы парк ачылат

Маданият 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 15-сентябрда Анкара шаарынын Чубук муниципалитетинин башчысы Баки Демирбаш менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, тараптар ар кандай тармактарда кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле Чубук муниципалитетинде Курманжан датка паркын ачуу жана анда анын эстелигин орнотуу боюнча мурда жетишилген макулдашууну ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий