• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркияда кыргыз-түрк бизнес форуму өттү

Экономика 0

Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. Түркиянын Стамбул шаарында 21-22-ноябрь күндөрү кыргыз-түрк бизнес форуму болуп өттү. Иш-чарага Түркиянын вице-президенти Фуат Октай, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана кыргыз-түрк ишкерлери катышкан.

Октай өз сөзүндө аталган бизнес форум эки өлкө ортосундагы алакалардын өнүгүшүнүн жаңы доорун ача тургандыгына ишеним билдирген.

“Кыргызстан менен болгон соода жүргүртүүнүн көлөмү 2018-жылы 424 млн. долларды түзгөн, 2019-жылдын 9 айында, 326 миллион доллар болду. Эки мамлекеттин президенттери өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд АКШ долларына жеткирүү тууралуу сөз кылышкан. Бул демилгени ишке ашыруу үчүн өз ара соода жүгүртүүдөгү тоскоолдуктарды аныктап, жаңы келишимдерге кол коюу керек", - деп баса белгиледи Фуат Октай.

Форумдун жыйынтыгында атайын протоколго кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий