• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркияда кыргыз жоокерлерине арналган "Кыргыздар күмбѳзүндө" эскерүү иш-чарасы өттү

Маданият 0

Бишкек, 07.05.19. /Кабар/. Түркиянын Изник шаарында 5-май күнү кыргыз жоокерлерине арналган "Кыргыздар күмбѳзүндө" эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чара Стамбул шаарындагы Маданият жана достук кыргыз коому жана КРнын Түркиядагы элчилигинин жардамы менен уюштурулган. Ага Түркиянын Стамбул, Анкара, Бурса ж.б. шаарларында жашап жаткан кыргыз жарандары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышкан.

Иш-чарада кыргыз жоокерлеринин арбагына багышталып куран окулган. Аны менен бирге кыргыздын улуттук тамак-аштары даярдалып, улуттук спорттук оюндары өткөрүлгөн.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында КРнын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Изник шаарынын мэри Каган Мехмет Уста жана Изник районунун башчысы Бүлент Байрактар менен жолугушкан.

"Элчи Өмүралиев менен Изник шаарынын мэри К.М.Уста Изник тууралуу туристтик китепчелерде кыргыз жоокерлери жѳнүндѳ кененирээк маалымат жайгаштыруу жана Талас менен Изник шаарларынын ортосундагы достук жана боордоштук мамилелердин кызматташтыгын бекемдөө зарылчылыгын билдиришти. Тараптар 13-кылымдагы Изникти каратууда шейит болгон кыргыз жоокерлеринин урматына арналган илимий басылмаларды чыгаруу жана 2020-жылы Изник шаарында конференция ѳткѳрүү үчүн Кыргызстандын жана Түркиянын Бурса университетиндеги тарых факультетинин негизинде тарыхчылардын биргелешкен изилдөөлѳрүн жүргүзүүнү макулдашышкан", - деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Маалымат үчүн: Изник шаары (эски аталышы Никея) Стамбул шаарынан түштүк тарапта 120 чакырым алыстыкта жайгашкан. Изниктин аймагында жергиликтүү калкка "Кыргыздар түрбеси", башкача айтканда, 13-кылымда Изникти каратууда шейит болгон кыргыз жоокерлеринин эстелиги деп таанылган күмбѳз жайгашкан.

Ал күмбөз согуштагы каармандыгын көрсөткөн кыргыз жоокерлеринин урматына 13-кылымдын аягында Султан Орхан Гази башкарып турган учурда курулган.

2000-жылдарда Түркиянын башкы башкаруу фонду аталган тарыхый эстеликти дээрлик кайрадан калыбына келтирген. 2006-жылдын октябрь айында Күмбөздүн жанына скульптор Т.Садыков тарабынан жасалган кыргыз баатырынын эстелиги тургузулган.

Пикир

Оставить комментарий