• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркияда Кыргызстандык студентти зордуктаган адам 30 жылга соттолду

Коом 0

Бишкек, 10.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Стамбулда Кыргызстандык 22 жаштагы студентти зордуктап жана тоногон адам 30 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жергиликтүү таблоид HABERLER.COM жазат.

ЖМКнын маалыматы боюнча 2017-жылдын 26-августунда кыргызстандык кыз Сарыер аймагында эстакаданын алдында өтүп бара жатып, бейтааныш адамга учураган. Ал киши кызды коркутуу менен зордуктап, уюлдук телефонун тартып алган. Жабрылануучу токтоосуз милицияга кайрылып. Кылмышкер байкоо камераларындагы тасмалар боюнча табылган. Полиция аны башка шаарга жашырынып кетүүгө аракет кылган кезде кармаган.

Түрк басылмасы билдиргендей, жасаган кылмышы үчүн соттолуучу 30 жылга кесилип, анын 18 жылы зордуктоо жана 12 жылы тоноо үчүн берилди. Белгиленгендей, сот залында жоопкерге акыркы сөз берилгенде, ал күнөөсүн мойнуна албай, аны актоону суранган. Буга байланыштуу сот кандайдыр бир жеңилдетүү жагдайларын алуу максатында бул ишти кайра кароодон баш тартты.

Пикир

Оставить комментарий