• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркияда кыргызстандык жаран банктын ичинен элдерди барымтага алган

Коом 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/.Түркиянын Анталия шаарында Кыргызстандын жараны банктын бөлүмүнө тапанча менен кирип, мекеменин күзөтчүлөрүн жана чайчыны барымтага алган.

haberler.com порталы маалымдагандай, куралчан адамды кармоо үчүн полиция кызматынын кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөтүлгөн. Алар кылмышкерди өзү колго түшүп берүүсүн суранган, бирок ал тартип сакчыларына баш ийбей, бомба бар экендигин билдирген.

Полиция кызматкерлери ал менен узак сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ыктыяры менен колго түшүүгө көндүрүшкөн. Андан соң аны полиция бөлүмүнө алып кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий