• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркияда кыргызстандык жигит октон каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 08.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Түркиянын Аланья шаарынын көчөлөрүнүн биринде кыргызстандык жаран ок жеп каза болгонун Haberker.com басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Конаклы Исиклар районунда болгон. 23 жаштагы кыргызстандык жаран бир киши менен сөз талашып, мушташа кеткен. Мушташта кыргызстандык жаранга ок чыгарылган.

Күбөлөр тез жардам чакырышкан. Бирок тез жардам келгенче жабыр тарткан адам жан берген.

Тартип сакчылары окуя болгон жердеги камералардан карап, шектүү катары А. Й. аттуу киши экени белгилүү болгон. Полиция кызматынын операциясы учурунда шектүүнүн тапанчасы жолдун жээгинде табылган.

Пикир

Оставить комментарий