• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркияда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды

Маданият 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Түркиянын Анкара шаарында жайгашкан ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун имаратында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган фото жана сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет

Маалыматка ылайык, иш-чарага маданият министри Кайрат Иманалиев жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев катышты.

Кыргыз Республикасынын тарыхындагы урунттуу окуялар, Кыргызстандын тарыхый жерлери жана жаратылышын камтыган бул көргөзмө Түркиянын бардык шаарларында жыл ичинде улантылып көрсөтүлөт.

Көргөзмөдөн соң министр Кайрат Иманалиев Түркиянын жазуучу, окумуштуулары жана ТҮРКСОЙдун жамааты менен жолугушту.

ТҮРКСОЙдун Башкы катчысынын орун басары Билал Чакыжы буга чейинки жасалган иштер жана 2021-жылы биргеликте белгилей турган иш чаралар тууралуу маалымат берди.

Эске сала кетсек, Түркияда белгилене турчу Касым Тыныстанов, Кусеин Карасаев, Эстебес Турсуналиев, Сүйүнбай Эралиев, Төлөгөн Касымбеков, Болот Миңжылкыев, Болот Шамшиев, Казат Акматов сындуу улут сыймыктарынын мааракелерине арналган иш-чаралардын планы талкууланды.

Министр өз сөзүндө ТҮРКСОЙ менен Түрк дүйнөсүнүн орток инсандарын таанытууга, маданияттар аралык тажрыйба алмашууларды жакшыртууга, фестиваль, форумдарды уюштурууга басым жасалаарын айтты.

Андан соң Кайрат Иманалиев Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигине барып, элчи менен ар тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгы тууралуу пикир алмашты.

Пикир

Оставить комментарий