• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү пландалууда

Маданият 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Түркия мамлекетине болгон иш сапарынын алкагында Түркия мамлекетинин маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы маданий байланыштар талкууланып, келечектеги долбоорлорго даярдыктар боюнча пикир алышты.

Белгилей кетсек 2022-жылы Түркияда мамлекетинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү пландалууда. Мехмет Нури Эрсой Кыргызстандын маданият күндөрүн Түркиянын бир канча шаарында өткөрүүнү сунуштады.

Министр Азамат Жаманкулов Түркия мамлекетинин маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойду жакынкы арада Кыргызстанга келүүгө чакырды жана туризм чөйрөсүндө дагы бир канча долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бар экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий