• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркияда Кыргызстандын жана бир катар өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды

Коом 0

Бишкек, 04.04.21. /Кабар/. 2-апрелде Түркиянын Хатай шаарында Эл аралык Түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙ Хатай шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурган Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Хатай провинциясынын губернатору Рахми Доган, Хатай шаарынын мэри Лутфу Саваш, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Дүйсен Касеинов, ошондой эле Азербайжан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын элчилери катышты.

Сүрөт көргөзмөнүн ачылышында сүйлөгөн сөзүндө элчи Кубанычбек Өмүралиев мындан 30 жыл мурун мурунку СССРдеги түрк элдеринин көп кылымдык тарыхында жаңы барак ачылганын жана алардын жарыяланган көзкарандысыздыгы элдердин ортосундагы мамилелердин мындан ары чыңдалышына өбөлгө болуп бергенин белгиледи.

Ошол эле күнү жогоруда айтылган адамдардын катышуусу менен Хатай шаарында ТҮРКСОЙ паркынын ачылыш аземи болуп, анда түрк тилдүү дүйнөсүүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүнүн рельефтик портреттери менен алар тууралуу маалымат такталары орнотулган. Алардын катарында Ч.Айтматов бар.

Парктын ачылышына арналган иш-чаранын жүрүшүндө элчи Өмүралиев сөз сүйлөп, анда мындай иш-чаралар өлкөлөрдүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө болорун, ошол эле учурда ал Ч.Айтматовдун рельефтик портретин паркка жайгаштыруу символикалык мааниге ээ экендигин, анткени ал бүткүл түрк дүйнөсүнүн руханий байлыгы экендигин баса белгиледи.

Иш-чаралардын алкагында Кубанычбек Өмүралиевдин Хатай провинциясынын губернатору Рахми Доган жана шаардын мэри Лутфу Саваш менен өзүнчө жолугушуулары болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Өмүралиев региондорду жана эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү алкагында Хатай шаары менен Кыргызстандын шаарларынын биринин ортосунда туугандык мамилелерин түзүү зарылдыгын белгилеп, Кыргызстандын Хатай ЭКСПО-2021ге катышуу маселесин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий