• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркияда Манастын эстелигин орнотуу үчүн айкелди жасоо иши башталды

Коом 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Түркиянын Кечиөрен муниципалитетинде Манастын эстелигин орнотуу үчүн айкелди жасоо иши башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Элчилик акыркы бир жарым жылдын ичинде жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү менен бирге Кыргызстанды таанытуу жаатында бир катар иштерди ишке ашырып жатат. Алардын ичинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, Курманжан датка жана башка атактуу инсандарыбызды эскерүү иш-чаралары өткөрүлүп, 2019-жылы декабрь айында Анкара шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулду.

Анкаранын эң ири району Кечиөрен муниципалитетинин маңдайындагы майданда айкөл Манастын айкелин тургузууну элчилик аталган райондун жетекчилиги менен макулдашкан. Кечиөрен муниципалитети айкел тургузула турган жерди даярдап, айкелдин постаментин жасоо милдетин алган. Ал эми айкелдин өзү Бишкекте кыргыз тараптан жасалат.

Өлкөбүздүн учурдагы экономикалык абалын эске алып, элчилик айкелди жасоо максатын ишке ашыруу үчүн Кыргызстандагы ишкерлерге, Түркиядагы диаспоранын активдүү өкүлдөрүнө (доктурларга, окумуштууларга, ишкерлерге) жана түрк досторго жекече кайрылган. Кийин Анкарадагы мекендештерибиздин тобу айкелди жасоо үчүн жумшала турган каражатка кошумча катары жардам кылуу демилгесин көтөрүп чыкканы жана активисттер тобунун атынан профессор Гүлзура Жумакунова каражат чогултуу боюнча кайрылуу жасаганы маалым.

Белгилей кетчү нерсе, демилгечилер ушул күнгө чейин эч кандай каражат чогулбагандыгы тууралуу маалыматты билдиришти. Ошондой эле, бул демилгеге салымын кошуу мекендештер үчүн милдеттүү болбогонун баса белгилейбиз.

“Өз кезегинде, элчилик демилге көтөргөн диаспоранын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, каражат топтоо демилгесин токтотуу боюнча кайрылды. Азыркы мезгилде Кыргызстанда жана Түркияда жашаган кыргыз ишкер жарандарыбыз эстелик орнотуу демилгесин колдоп жатканын, ошондой эле түрк досторубуздун арасынан да демөөрчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, айкелди жасоо иши башталганын билдиребиз”. – деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий