• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Түркияда миңден ашык оппозициячыны камакка алуу буйругу чыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.02.19 /Кабар/. Түркияда динаятчы Фетхуллах Гүлендин кыймылына тиешеси бар деп шектелген миңден ашык адамды камакка алуу буйругу чыкты.

CNN Turk телеканалынын маалыматына караганда, шектүүлөрдүн көбү Анкарада жашайт. Бирок полициянын операциялары өлкөнүн бардык 76 провинциясында жүргүзүлүүдө.

Түркияда 2016-жылкы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин өлкөдө 80 миңден ашык киши камалып, 150 миң мамлекеттик жана аскер кызматкерлери иштен алынган. Президент Режеп Эрдогандын сынчылары аны төңкөрүш аракетин каршылаштарын басуу үчүн колдонуп жатат деп айыптап келишет.

Фетхуллах Гүлен 1999-жылдан бери АКШда жашайт. 2013-жылга чейин ал ислам коомдук кыймылдарын түзүп, Эрдоган менен тыгыз кызматташып келген. Бирок кийин алардын мамилеси бузулуп, түрк бийлиги Гүленди аскердик төңкөрүш аракетин уюштурууга айыптап, бир канча жолу АКШдан аны экстрадициялоону талап кылган.

Акыркы эки жылдан бери Түркияда Гүлендин «Хизмет» уюмуна тиешеси бар деген шек менен миңдеген адамдар камалды. Алардын арасында саясатчылар, судьялар, аскер кызматкерлери жана коомдук ишмерлер бар.

Пикир

Оставить комментарий