• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркияда муктаж болгон Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Түркиянын Адана шаарында муктаж болгон Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Анталия шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери тарабынан Адана шаарындагы КРнын 10 жаранына азык-түлүк, суу, жылуу кийим жана жууркан түрүндө жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилип, алар коопсуз жерге жайгаштырылды.

"Аданада 1984-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.Т. жабыр тарткан, ага ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бул жарандын абалы канааттандырарлык; учурда ал ооруканадан чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаарлар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Акыркы маалыматтарга ылайык, Түркиядагы зилзаланын кесепетинен каза болгондордун саны 3 миңге жакындап, 16 миңге чукул адам жабыркаган.

​​

Пикир

Оставить комментарий